БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев достук байланыштарды чыңдоо жана кызматташуу өлкөнүн улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен гана ишке ашырылууга тийиш экенин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алуу учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө аталган мекеменин учурдагы ишмердигине тиешелүү, ошондой эле өлкөнүн тышкы саясатындагы стратегиялык багыттарды мындан ары өнүктүрүүнүн маселелери талкууланды.
Министр Атамбаевдин Кытайга, Иранга, Казакстан жана Тажикстан мамлекеттерине болгон сапарларынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү туурасында маалымдады.
Өлкө башчы достук байланыштарды чыңдоо жана кызматташуу, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында өнүктүрүү өлкөнүн улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен гана ишке ашырылууга тийиш экендигин баса белгиледи.