БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан кумаркана аныкталганын Финансы полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кумаркананын ээси аны интернет түйүнүн пайдалануу менен иштетип келген.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.