БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Сокулук районунун эки жашоочусунан марихуана табылганын Чүй ШИИБ билдирди.
Ага ылайык, райондун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине Егор жана Денис аттуу балдар баңгизат алып жүрүшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Бишкектен "Манас" эл аралык аэропортуна кеткен жолдо 34 жана 19 жаштагы эки жаран кармалып, бирөөнүн сол колунан, экинчисинин баштыгынан жашыл түстөгү зат табылган.
Соттук-химиялык экспертиза табылган 735 граммдык зат марихуана экенин аныктады. Кармалган жарандар баңгизатты өздөрү үчүн даярдаганын жашырган эмес.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.