БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын "Курманжан датка" тарыхый тасмасы Япониянын Фукуока шаарында өткөн Эл аралык Focus on Asia кинофестивалынын атайы байгесине ээ болгонун "Айтыш-фильм" студиясынын өкүлү Чолпон Идирисова билдирди.
"Курманжан датка" тасмасы фестивалдын негизги сынак программасына киргизилген. Эл аралык иш-чарага Сингапур, Индия, Кытай, Индонезия, Филипинн, Япония, Түркия, Корея, Таиланд, Иран, Вьетнам, Тайвань, Корея жана Жаңы Зеландия өлкөлөрүнүн фильмдери катышты.
"Курманжан датка" тасмасы аншлаг менен көрсөтүлдү. Япониялык көрөрмандарды кыргыз аялдарынын ат үстүндө жүрүүсү абдан кызыктырды. Кино көрсөтүлгөндүн кийин Q & A программасы уюштурулуп, көрөрмандар менен тасманын өкүлдөрү баарлашышты", — дейт Идирисова.
Мындан тышкары, кыргызстандык кино Фукуока шаарынын киноархивине алынган.
"Тасма көрсөтүлгөндөн кийин Тайвань, Таиланд, Сингапур жана Гонконгдун продюсер жана дистрибьютерлери "Курманжан датканы" өз мамлекеттеринде прокатка чыгаруу боюнча кызматташууну сунушташты", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстандык тасманы Япониядагы фестивалда башкы каармандын образын жараткан Элина Абай кызы жана долбоордун координатору Чолпон Идирисова тартуулады.