БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов Борбордук шайлоо комиссиясынан эскертүү алды.
Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды. Комиссиянын мүчөлөрү шаар башчысы "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Жээнчороев менен кайым айтышып, аталган саясий уюмдун программасын сындаганын белгилешти.
БШК Кулматов мамлекеттик чиновник катары тигил же бул партиянын программасына түшүндүрмө берүүгө укугу жок экенин билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого 14 саясий партиянын ат салышуусу күтүлүүдө.