БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кара-Кече көмүр кенин иштетүүдө алдыңкы технологиялар колдонулушу керектигин вице-премьер Валери Диль аталган кен боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, Кара-Кече көмүр кенин комплекстүү иштетүү боюнча сынак тартибин аныктап, инвестициялык макулдашууну тез аранын ичинде аягына чыгаруу керек.
"Долбоордун маанилүүлүгүн эске алып, аны эртерээк ишке киргизүү зарыл. Ага тиешеси бар мамлекеттик органдар коюлган милдеттерди толугу менен аткарат деп ишенем", — деди чиновник.
Вице-премьер аталган кенди иштетүүгө тажрыйбалуу жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү кеңири бир нече компания кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, жакын арада келечекте кенди иштете турган инвесторлор менен жолугат.
"Мен ар бир инвесторго Кара-Кечедеги жылуулук станциялар, жер семирткич жана курулуш материалдарын өндүрүүчү заводдор алдыңкы технологиялар менен курулушу керектигин жеткирүүгө аракет кылам", — деди Диль.
Мындан тышкары, вице-премьер көмүр казууда техникалык жана экологиялык коопсуздук маселесине өзгөчө басым жасоо керектигин кошумчалады.