БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Шайлоонун жүрүшү добуш берүүчүнү биометрикалык идентификациядан өткөрүүчү оператордун ишиешине жараша болорун биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев билдирди.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоевдин айтымында, республика боюнча 10 миң оператордун баары атайын окуудан өтүп, тажрыйбага ээ болушту. Мындан тышкары, Догоев маалыматтык материалдар иштелип чыкканын, алар жабдуу менен кошо жеткирилерин кошумчалады.
Сарпашев шайлоочу манжа издеринен тышкары жарандын ПИН-номери аркылуу добуш бере аларын белгиледи. Бул учурда монитордо шайлоочунун сүрөтү жана ал тууралуу маалымат пайда болот.
"Үч миңден ашуун шайлоочу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар экенин унутпоо керек. Арал албетте ПИН-номер аркылуу добуш берет. Дүйнө жүзү боюнча ПИН-номер аркылуу шайлоочуну идентификациялоо 4-10 пайызды түзөт", — деди атка минер.
Биринчи вице-премьер шайлоочуларды манжа издери аркылуу идентификациялоо негизинен жарандардын жеке өзгөчөлүгүнө, жабдуулардын технологиясына жана оператордун тажрыйбалуулугуна байланыштуу болорун белгиледи.