БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Россиянын Челябинск облусунданы "Карабашмедь" заводунда жарылуу болуп, андан жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык жаран бар экенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-октябрда болгон жарылууга муздатуу системасына аба кирип кетиши себеп болгон. Кырсык кесепетинен жалпысынан тогуз жумушчу жабыркап, төртөөнүн абалы оор экени айтылууда.
Алдын ала билдирүүлөр боюнча, жабыркагандардын арасында төмөнкү кыргызстандык жарандар бар:
Ильрат Респгубов, 1994-жылы туулган, абалы — оор, башынан катуу жаракат алып, арка бели сынган;
Кубанычбек Нуркулов, 1980-жылы туулган, абалы — канааттандырарлык, колу-бетинен 1-2-даражадагы күйүк алган;
Адилет Дыйканов, 1980-жылы туулган, абалы — канааттандырарлык, колу-бетинен 1-2-даражадагы күйүк алган.
Жабыркагандардын баары Карабаш шаардык ооруканага жаткырылды. Министрлик кырсык жана анын кесепеттери тууралуу кошумча маалымат бере турганын белгилейт.
"Карабашмедь" жез эритүүчү заводу Челябинскинин эски ишканаларынын бири болуп саналат.