"Ала-Тоо" айылындагы ок атууга күбө болгондор Sputnik кабарчысына террористер деп айтылгандарды кармоо кандай жүргөнүн айтышты.
Үйүнүн жанында шектүүлөр жашаган Данияр Күмүшүковдун айтымында, жума күнү эртең менен анын короосуна атайын күчтөрдүн жоокерлери кирип келген.
"Мен жок болчумун. Апам аскер кызматкерлери баарын үйгө кирип, жашырынгыла деп суранганын айтты. Биздин сарайдын үстүнө чыгып үч жолу ок атышыптыр. Тиги үй тараптан ок атылган жок дейт. Мен келсем, ал үйдөн кандайдыр бир жашиктерди көтөрүп чыгып жатышкан экен. Алар мага ок-дары салынгандай көрүндү", — дейт Күмүшүков.
Ал атайын операциядан курман болгондорду көргөн эмес.
Жума күнү жергиликтүү тургундардан айылда атылган октун үнү угулду деген кабар келген.