БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Иран мамлекетинде жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктардын 40 пайызы добуш беришкенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Тегерандагы Кыргызстандын элчилигиндеги шайлоо участогу эртең мененки саат 8.00дө ачылган. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.00гө алынган маалыматка ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын 40 пайызы өз добуштарын берген.
Кыргызстандын жарандары негизинен Тегеран, Мешхед, Горган, Кум жана Караж шаарларында жашайт.