00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акеров: бийлик Сариевди калтырат, бирок Бабанов аягына чейин барат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЛидер партии "Республика – Ата-Журт" Омурбек Бабанов. Архивное фото
Лидер партии Республика – Ата-Журт Омурбек Бабанов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлердин тизмеси толук өзгөрүшү мүмкүн. Себеби, жаңы депутаттар шайлоо өнөктөштүгүндө катуу чуркап, бирок парламентке келбей калган талапкерлерге өз "ыраазычылыгын" билдириши керек дейт саясат таануучу Табылды Акеров.

БИШКЕК, 6-окт.— Sputnik. Жогорку Кеңешке жаңы келе тургандардын арасында премьерлик оюндарды ойной тургандар аз, бирок министрлер кабинети толугу менен өзгөрүшү мүмкүндүгүн тарых илимдеринин кандидаты, Кыргызстандагы Эл аралык университеттин этнология институтунун директору жана саясат таануучу Табылды Акеров билдирди.

Жекшемби күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп, анда 14 саясий партия ат салышкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, парламентке алты партия келет. Алардын катарында мурдагы төрт премьер-министр бар.

Саясат таануучунун айтымында, бийлик учурдагы премьер-министрдин президентке болгон жакындыгын эске алып, аны сактап калганга аракет кылат.

"Мурдагы премьер-министрлердин ичинен жалгыз гана Бабанов өкмөт башчы болууга ашыгышы мүмкүн. Себеби ал реванш алуу үчүн мурдагы кызмат ордуна барууга далалаттанат. Бирок президент азыркы премьер-министр Темир Сариевди сактап калууга аракет кылат. Анткени ал активдүү иштеп, президенттин жүргүзгөн саясатына каршы чыкпай келет", —деди Акеров.

Ал ошондой эле, министрлер кабинети толук алмашуусу мүмкүндүгүн айтты. Себеби, жаңы депутаттар шайлоо өнөктөштүгүндө катуу чуркап иштеп, бирок парламентке келбей калган талапкерлерге өз "ыраазычылыгын" билдириши керек.

"Бул министрлер кабинетинин иштешине терс таасир тийгизгени менен, коалициянын амбицияларын канааттандырат", — деди Акеров.

Өкмөт башчынын тез-тез алмашуусу, албетте, жакшы эмес. Бирок парламенттик башкарууга ээ башка мамлекеттердин тажрыйбасын карай турган болсок, бул кадимки эле көрүнүш деди саясат таануучу.

Жаңылыктар түрмөгү
0