БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Курманжан датка көчөсүн бойлой жайгашкан Ботаникалык бакты тинтип жатканын Бишкек ШИИБ билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда аталган аймакта атышуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. ИИМ муну четке каккан. Соцтармактарда бул аракеттерди түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлер менен байланыштырууда.
![Милиция кызматкерлери Курманжан датка көчөсүн бойлой жайгашкан Ботаникалык бакты тинтип жатат. Милиция кызматкерлери Курманжан датка көчөсүн бойлой жайгашкан Ботаникалык бакты тинтип жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101928/35/1019283591_0:61:1620:1080_600x0_80_0_0_bc8989e1788d273f0c40b4157d47fdaf.jpg)
![Ботаникалык бак менен чектешкен Курманжан датка көчөсү курчоого алынды. Ботаникалык бак менен чектешкен Курманжан датка көчөсү курчоого алынды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101928/49/1019284930_0:61:1620:1080_600x0_80_0_0_c8be2fc5311747e76af01ff1ec38d184.jpg)
Өздүк маалымат булактын билдирүүсүндө милицияга түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлердин ушул аймакта жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. ИИМ качкындардын аталган аймакта экендиги тууралуу билдирүү келгенин ырастады.
Анын айтымында, окуя болгон жерде укук коргоо органдары жана атайы дайындоодогу бөлүк тинтүү иштерин жүргүзүп жатканын белгилейт. Бирок издөө иштерине туман жолтоо болуп жатканы айтылууда. Мындан тышкары, иттер менен кинологдор кошо иштөөдө.