БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун (ЖККУ) жыйын катышуучулары Жакынкы Чыгышта түзүлгөн кырдаал жана "Ислам мамлекети" террористтик тобунун иш-аракеттери кооптонтуп жатканын билдиришти. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматы кабарлайт.
Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Иран менен Кытайдын өкүлдөрү ЖККУ аймагындагы абал боюнча пикир алмашышты. Жакынкы Чыгыштагы ИГ террористтик тобунун аракети, ЖККУнун түштүк багыттагы мамлекеттер менен Кытайдын чек арасына жана Афганистанга жайылтуу аракети талкууланды.
Жыйында ЖККУ мамлекеттерине негизги коркунуч Афганистан мамлекетинен келери белгиленди. Талибдер Тажикстандын чек арасына жакын келип, Афганистандын чек арасынын 60 пайызын көзөмөлдөп жатканы, аталган өлкө менен Түркмөнстандын чек арасында көйгөйлөр жаралышы мүмкүндүгү айтылды.
Чыгыш Европадагы ЖККУ мамлекеттери НАТОнун Россия менен Белоруссиянын чек арасына жакын аймактагы иши боюнча кооптонуусун билдирди. Негизинен анда аталган аскердик уюмдун Эстония, Латвия, Литва, Польша, Румыния өлкөлөрүндө аскердик бөлүктөрдүн жайгашышы, аскердик окуулардын көбөйүшү тынчсыздандырып жатканын белгилешти.