БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы 2016-жылы өтө турган Азия чемпионатынын тандоо туруна даярдык көрүп жатканын Футбол федерациясы билдирди.
Жергиликтүү футболчулар Афганистан, Түркмөнстан жана Тажикстандын командалары менен ат салышат. Оюндар 14-16-ноябрь күндөрү Тажикстандын Хоженд шаарында өтөт.
Башкы машыктыруучу Андрей Поховскийдин командасы 22 оюнчудан жана төрт дарбазачыдан турат. Учурда топ борбор калаадагы спорт комплексинин биринде машыгып жатат.
Чемпионаттын финалдык беттешүүсү 9-20-февраль күндөрү Тажикстандлын борбору Душанбе шаарында өтөт.