БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Азыр "Энесай" жаңы конушундагы мектепте сабак кадимкидей эле жүрүп жатат. Бул туурасында Энесай жаңы конушундагы №21 мектептин директору Гайде Умарова билдирди.
![Азыр Энесай жаңы конушундагы мектепте сабак кадимки ыраатта жүрүп жатат Азыр Энесай жаңы конушундагы мектепте сабак кадимки ыраатта жүрүп жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101936/14/1019361404_0:30:1620:1049_600x0_80_0_0_2820d399957b9d3bd9f31641e2158c18.jpg)
Мындан бир нече күн мурда №50 түрмөдөн качкан кылмышкерлердин бири атып өлтүрүлгөн "Дордой" базарынын жанындагы "Энесай" жаңы конушунун бир бөлүгү курчоого алынып, кирген-чыккандар көзөмөлгө алынууда.
"Азыр укук коргоо кызматкерлери мектептин айланасында турушат. Ата-энелер балдарын мектепке таштап, өздөрү ишке кетти да. Азыр таратып жиберсек, үйүндө киши жок болсо, кандай болот. Андыктан окуучулар сабакта. Аймакта милиция, коопсуздук кызматкерлери жүрөт", — деди Умарова.
Мектеп директору эми башталгыч класстын балдарын сабактан кийин ата-энелери алып кетерин кошумчалады.
Аталган мектепте жалпысынан 800гө жакын окуучу билим алат жана эки нөөмөт менен окуйт.
![Энесай жаңы конушунун бир бөлүгү курчоого алынды Энесай жаңы конушунун бир бөлүгү курчоого алынды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101935/49/1019354990_0:0:998:800_600x0_80_0_0_fcc67654f1e28cb07d25264bef1cb3a7.png)