БИШКЕК, 16-окт. – Sputnik. Британиянын белгилүү таблоиди Daily Express жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, өлкөнүн 70 пайыздан ашык тургуну Россия Федерациясынын Сириядагы жасаган аракеттерин колдой турганы белгилүү болгон.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, Сириядагы чыр-чатак маселелери боюнча Россия менен АКШ башында турган аскердик коалициянын (курамына Бириккен Падышалык да бар) ортосунда мамиле чыңалып бара жатканына карабастан, Улуу Британиянын 71 пайыз тургуну россиялык авиациянын Сириядагы "Ислам мамлекетине" сокку урушун колдойсузбу деген суроого оң жооп кайтарышкан.
Британиялык басылма жүргүзгөн иликтөөгө өлкөнүн 27 миңден ашык жараны катышкан.
"Ислам мамлекетине" каршы күрөшүүчү бирдиктүү фронт жок: топко Сирия менен Ирактын өкмөттүк күчтөрү, АКШ башында турган эл аралык коалиция, ошондой эле күрттөр жана Ливан менен Ирактын шейит ыктыярчылары каршылык көрсөтүүдө. Ошол эле учурда 2014-жылдын сентябрынан тартып АКШ башында турган коалиция БУУнун Коопсуздук кеңешинин уруксатысыз жана Сирия бийлиги менен макулдашпастан эле бул террористтик уюмдун ээлеген жерлерине сокку уруп келет.
Россия Сириянын президенти Башар Асаддын кайрылуусу менен 30-сентябрдан тартып аталган өлкөдөгү "Ислам мамлекети" жайгашкан жерлерге абадан сокку ура баштаган.