БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып из жашырууга үлгүргөн төрт кылмышкердин акыркысы Алтынбек Итибаев Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында изделип жатканын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Итибаев айылга досунукуна конокко келген.
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүлүп, дагы бири оор жарадар кылып качып чыгышкан. Орруканага жеткирилген офицер беш күндөн кийин эсине келбей каза болду.
Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болушту.
Качкын кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн УКМК 300 миң, ал эми ИИМ 1 миллион сом сыйлык жарыялаган.