“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
https://sputnik.kg/20151022/1019520354.html
УКМК Бишкекте бир катар жардыруунун алдын алды
УКМК Бишкекте бир катар жардыруунун алдын алды
Sputnik Кыргызстан
Кармалган жаран эл аралык террористтик топтун активдүү мүчөсү экенин моюндап, укук коргоо органдарынын имараттарын жардыруу боюнча борбордук бөлүктөн тапшырма... 22.10.2015, Sputnik Кыргызстан
Кармалган жаран эл аралык террористтик топтун активдүү мүчөсү экенин моюндап, укук коргоо органдарынын имараттарын жардыруу боюнча борбордук бөлүктөн тапшырма алганын билдирди.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкектин жака-белиндеги райондордун биринен эл аралык террористтик топтун активдүү мүчөлөрү болгон Кыргызстандын эки жараны кармалганын УКМК билдирди.
Текшерүү учурунда колго жасалган жардыруучу зат өндүрүлүүчү материалдар, кислота куюлган бөтөлкө, жардырууну ишке ашыра турган уюлдук телефондор табылган
Текшерүү учурунда колго жасалган жардыруучу зат өндүрүлүүчү материалдар, кислота куюлган бөтөлкө, жардырууну ишке ашыра турган уюлдук телефондор табылган
Мындан тышкары, чабуул жасала турган имараттардын планы, жардыруучу заттарды колдонуу боюнча нускамалар, курал-жарак алынган.
Маалыматка ылайык, тыюу салынган уюмдун мүчөсү болгон жаран жакын арада укук коргоо органдарынын имаратын жардырууну пландаштырып келген. Текшерүү учурунда анын жанынан колго жасалган жардыруучу зат өндүрүлүүчү материалдар, майдаланган күкүрт, кислота куюлган бөтөлкө, жардырууну ишке ашыра турган уюлдук телефондор табылган.
Мындан тышкары, чабуул жасала турган имараттардын планы, жардыруучу заттарды колдонуу боюнча нускамалар, экстремисттик мазмундагы диний адабият, жихадга чакырган баракчалар, курал-жарак алынган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган жаран террористтик уюмга тиешеси бар экенин мойнуна алып, имараттарды жардыруу боюнча эл аралык топтун борбордук бүлүгүнөн тапшырма алганын билдирди. Ага катар жанындагы шериги да кармалганы маалымдалды.
Кылмыш иши козголгон жарандар камакка алынып, тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.