БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын кубогуна "Абдыш-Ата" командасы ээ болду. Ал атаандашы "Наше Пиво" командасын 4:2 эсебинде утуп алды.
Футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши Кант шаарындагы "Центральный" стадионунда өттү. Анда Кант шаарынын эки командасы "Абдыш-Ата" менен "Наше пиво" беттешти.
![Биринчи таймда голду Абдыш-Атанын оюнчусу Фархат Мусабеков киргизди Биринчи таймда голду Абдыш-Атанын оюнчусу Фархат Мусабеков киргизди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101959/12/1019591220_0:61:1619:1080_600x0_80_0_0_7a170cbd63ea82939b5260aa349cc905.jpg)
![Абдыш-Ата 2007, 2009 жана 2011-жылдары да кубокту утуп алган. Эми ал төртүчнү жолу өлкө чемпиону болду. Абдыш-Ата 2007, 2009 жана 2011-жылдары да кубокту утуп алган. Эми ал төртүчнү жолу өлкө чемпиону болду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101958/95/1019589562_0:19:1620:1037_600x0_80_0_0_eca27104a4121c7143bcabae67e489d6.jpg)
Биринчи таймда голду "Абдыш-Атанын" оюнчусу Фархат Мусабеков киргизсе, экинчи голду Олувасен Алерива киргизди. Үчүнчү голду "Абдыш-Атанын" капитаны Рустем Утанов киргизди.
Экинчи таймда "Абдыш-Атанын" оюнчусу Рустем Утанов гол киргизсе, "Наше Пиво" командасынын оюнчусу Чолпонбек Эсенгул уулу өзгөчөлөндү. Ошентип, оюн 4:2 эсебинде "Абдыш-Ата" командасынын пайдасына аяктап, ал өлкө чемпиону болду.
"Абдыш-Ата" 2007, 2009 жана 2011-жылдары да кубокту утуп алган. Эми ал төртүнчү жолу өлкө чемпиону болду.