БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Дагестан Рсепубликасынын прокуратурасы террористтик уюм түзүү боюнча күнөөлөнгөн Россия жарандары Шамил Рамазанов менен Умар Никифоров жана кыргызстандык жаран Кизимжан Шералиевге айып такканын Россия прокуратурасы билдирди.
Тергөө 2008-жылдан 2013-жылдын декабрь айына чейин Рамазанов, Никифоров жана Шералиев менен белгисиз жарандар Дагестандын аймагында "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун ишин уюштуруу боюнча туруктуу топ түзгөнүн аныктаган.
"Алар аталган уюмдун идеяларын кеңири жайылтып, адамдарды ага мүчө болууга азгырып келишкен. Мындан тышкары Россиянын мамлекеттик түзүлүшүнө терс пикирди жайылтышкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Кылмыш жасоодогу ордуна карата кармалган жарандарга Россиянын кылмыш жаза кодексине ылайык "Террористтик топтун ишмердүүлүгүн уюштуруу", "Экстремисттик топтун ишин уюштуруу", "Бийликти күч менен кулатууга даярдык көрүү" жана "Курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү" беренесинин айып коюлган.
Прокуратура аталган кылмыш ишин Түндүк Кавказ аймактык аскердик сотуна жөнөттү.