БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан боюнча ушу тапта сасык тумоо менен ооруган адамдардын саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 11 пайызга көп экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы 1896 жаран ооруп бейтапканага кайрылса, бул жылы илдетти жуктургандардын саны 2142 адамды түзгөн. Аталган дартка кабылгандардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунан экени белгилүү болгон.
Министрлик сасык тумоонун алдын алуу үчүн мөөнөтүнөн өткөрбөй эмдөөдөн өтүү зарылдыгын белгилейт.
Саламаттык сактоо министрлиги каражаттын тартыштыгынан улам 7 миллион 728 миң сомго 24 миң 150 дозалык өлчөмдө сасык тумоого каршы вакцина сатып алган. Учурда дары республиканын шаар жана облустарына медицина кызматкерлерин, балдар үйүнүн тарбиялануучуларын, карылар үйүндө жашагандар жана кош бойлуу аялдарды эмдөө үчүн таратылды.