00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түркияда жол кырсыгына кабылган КР жараны реанимацияда

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТүрк мамлекетинин желеги. Архив
Түрк мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар иштеген мейманкана дарыланууга кете турган чыгымды өздөрүнө аларын билдирди.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Түркиянын Анталья шаарында жол кырсыгына кабылган беш кыргызстандык жарандын бирөөсү Арслан Кулов реанимацияда экенин КР Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы консулдукка шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерге келген "тез жардам" кызматы Дастан Бектеновго, Тилек уулу Бекзатка жана Мирбек Сураналиевге алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, коё беришкен. Ал эми Бакытбек уулу Бекбол менен Арслан Кулов Анталья шаарындагы "Яшам" ооруканасына жеткирилген.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда жол кырсыгынан жабыркаган КР жаранынын ата-энеси Антальяга учуп келди
Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунун берген маалыматы боюнча Бакытбек уулу Бекболдун сол колунун манжасы сынып, бетинен жаракат алган. Анын колуна гипс коюлуп, ооруканадан чыккан. Ал эми Арслан Кулов оор абалда реанимацияда жатат. Анын жакындары Антальяга келишкен.

Башкы консулдуктун маалыматы боюнча кыргызстандыктар "Симена Сан Клаб" мейманканасында иштеп келишкен. 26-октябрда алардын эмгек келишими аягына чыкмак. Алар 24-октябрда кетээр алдында Антальяда соода кылуу үчүн автобус менен жолго чыгышкан. Айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып кеткен.

Башкы консул менен сүйлөшкөн аталган отелдин өкүлдөрү Бакытбек уулу Бекбол менен Арслан Куловдун дарыланууга кеткен чыгымдарын өздөрүнө алууга макул болушкан. Ошондой эле, аларды мекенине жөнөтүү милдетин да моюндашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0