00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чейрек кылым илгери пайда болгон президенттик жана четке кеткен Акаев

Жазылуу
Кыргызстан 1990-жылы 27-октябрда туңгуч президенттүү болуп, ал кездеги Жогорку Совет Аскар Акаевди президенттикке альтернативалык түрдө шайлаган.

Аскар Акаевдин президенттик учуру. 27.10.1990 – 05.04.2005
1990-жылы Кыргызстандын Жогорку Советинин депутаттары өзүнүн кезексиз отурумунда президентти шайлоо маселесин караган. Депутаттар Кыргызстандагы тарыхындагы бурулуш мезгилин аныктаган документти — "Кыргыз ССРинде президенттик кызматты түзүү жөнүндө" мыйзамын кабыл алган. Муну менен мамлекет башчысынын ордуна жеке кызмат орду — президенттик киргизилген. 

Ошол кездеги абал жана Акаевдин Кыргызстандын президенттикке кандай жагдайда шайлангандыгы туурасында ошол кездеги легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер жана окумуштуу Жамин Акималиев Sputnik маалымат сайтына төмөнкүчө айтып берди.

"Кезексиз сессияга чогулдук. Биздин алдыбызда эркиндик алгандан кийин президентти кандай жол менен шайлоо туурасындагы маселе турду. Жогорку Кеңешти жалпы эл шайлай турганы түшүнүктүү болду. Анан президентти ким шайлайт деген суроодо эки ача пикирлер жаралып, бир катары эл шайласын десе, экинчилери Жогору Совет чечиши керектиги айтылып, акыркы вариант жеңип кетти", — деди ал.

1990-жылы депутаттардын алдында журт башы, улуттун лидери ким болот деген суроо жаралып, ал орунга улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду ылайыкташып, бирок, ал баш тартыптыр. 

"Президентти шайлоо боюнча мыйзам кабыл алдык. Аны кабыл алуу анча татаал болгон жок, кептин баары кимди президент кылабыз дегенде чыкты. Алгач, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду шайлайлы деп, ал кишиге Москвага чалсак, ал баш тартты. Анда улуттун лидери катары кимди көрөсүз, кимдин талапкердигин сунуштайт элеңиз деген сурообузга Аскар Акаевдин фамилиясын атады. Кыргыз Улуттук илимдер Академиясын жетектеп турган Акаев ошентип, легендарлуу парламенттин колдоосу менен президент болуп шайланып калган. Албетте, андан башка талапкер да болгон, бирок, Акаев көпчүлүк добуш менен өтүп кетти", — деди Акималиев.

1991-жылдын 12-октябрында эми депутаттар эмес, эл шайлоо өткөрүп, 93,3 пайыз менен Акаев президент болуп шайланган. Ал элдин атынан мандат алгандан кийин, жалпы элдик референдум менен 1994-жылы мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары бекитилген. 1995-жылы 24-декабрда президенттикке экинчи мөөнөт менен шайланган. 

Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акаев: туулган жериме кайтып келип, сөөгүм мекениме коюлса дейм
2000-жылы 29-октябрда Акаев президентик тактыга үчүнчү ирет отурган. 2003-жылы 2-февралдагы жалпы элдик референдумда Кыргызстандын президенти Акаевге дагы бир жолу ишеним көрсөтүлгөн. Ал эми 2005-жылы элдин нааразычылыгы топтолуп отуруп, 24-мартта ыңкылап болуп, андан улам Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. 

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Акаев кол тийбестигинен жана мурдагы президент статусунан ажыратылган. 

Учурда Акаев Москва шаарында Москва мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштейт. 

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүДепутат, Кыргыз ССРинин президенти Аскар Акаев СССРдин эл депутататтарынын IV съездинде президиумунда отурат.
Депутат, Кыргыз ССРинин президенти Аскар Акаев СССРдин эл  депутататтарынын IV съездинде президиумунда отурат. - Sputnik Кыргызстан
1/15
Депутат, Кыргыз ССРинин президенти Аскар Акаев СССРдин эл депутататтарынын IV съездинде президиумунда отурат.
© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКыргыз ССРинин президенти Аскар Акаев менен СССР президенти Михаил Горбачев. Кремлдин съезддер сарайы.
Кыргыз ССРинин президенти Аскар Акаев менен СССР президенти  Михаил Горбачев. Кремлдин съезддер сарайы. - Sputnik Кыргызстан
2/15
Кыргыз ССРинин президенти Аскар Акаев менен СССР президенти Михаил Горбачев. Кремлдин съезддер сарайы.
© Sputnik / В. Чистяков / Медиабанкка өтүүРСФСРдин президенти Борис Ельцин жана Кыргызстандын президенти Аскар Акаев россиялык делегациянын Кыргызстанга мамлекет аралык кызматташуу боюнча келишим түзүүгө келген учурунда. 23.07.1991-ж.
РСФСРдин президенти Борис Ельцин жана Кыргызстандын президенти Аскар Акаев россиялык делегациянын Кыргызстанга мамлекет аралык кызматташуу боюнча келишим түзүүгө келген учурунда. 23.07.1991-ж. - Sputnik Кыргызстан
3/15
РСФСРдин президенти Борис Ельцин жана Кыргызстандын президенти Аскар Акаев россиялык делегациянын Кыргызстанга мамлекет аралык кызматташуу боюнча келишим түзүүгө келген учурунда. 23.07.1991-ж.
© Sputnik / Юрий Иванов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Аскар Акаев. 1991-жылдын 21-декабрында көз карандысыз 11 мамлекеттин, мурдагы союздук республикалардын КМШны түзүү боюнча протоколуна кол коюшкан.
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев. 1991-жылдын 21-декабрында көз карандысыз 11 мамлекеттин, мурдагы союздук республикалардын КМШны түзүү боюнча протоколуна кол коюшкан. - Sputnik Кыргызстан
4/15
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев. 1991-жылдын 21-декабрында көз карандысыз 11 мамлекеттин, мурдагы союздук республикалардын КМШны түзүү боюнча протоколуна кол коюшкан.
© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүАкаевдердин үй-бүлөсү түшкү тамак учурунда. 01.01.1992-жыл.
Акаевдердин үй-бүлөсү түшкү тамак учурунда. 01.01.1992-жыл. - Sputnik Кыргызстан
5/15
Акаевдердин үй-бүлөсү түшкү тамак учурунда. 01.01.1992-жыл.
© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Аскар Акаев. 06.07.1992-жыл
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев. 06.07.1992-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/15
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев. 06.07.1992-жыл
© Sputnik / Александр Поляков / Медиабанкка өтүүТүрк тилдүү мамлекеттердин президенттерини жана өкмөт башчыларынын 1992-жылдын 30-31-октябрында өткөн жыйынында. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркмөнстандын башчысы Сапармурат Ниязов, Өзбекстан лидери Ислам Каримов, Кыргызстан президенти Аскар Акаев.
Түрк тилдүү мамлекеттердин жана өкмөт башчыларынын 1992-жылдын 30-31-октябрында өткөн жыйында. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Туркмөнстандын башчысы  Сапармурат Ниязов, Өзбекстан лидери Ислам Каримов, Кыргызстан президенти Аскар Акаев. - Sputnik Кыргызстан
7/15
Түрк тилдүү мамлекеттердин президенттерини жана өкмөт башчыларынын 1992-жылдын 30-31-октябрында өткөн жыйынында. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркмөнстандын башчысы Сапармурат Ниязов, Өзбекстан лидери Ислам Каримов, Кыргызстан президенти Аскар Акаев.
© Sputnik / Владимир Родионов / Медиабанкка өтүүСолдон оңго Кыргызстан президенти Аскар Акаев, РФ башчысы Владимир Путин, Белоруссия лидери Александр Лукашенко, Казакстан башчысы Нурсултан Назарбаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмонов жыйындан кийин. 23.05.2000-жыл.
Солдон оңго Кыргызстан президенти Аскар Акаев, РФ башчысы Владимир Путин, Белоруссия лидери Александр Лукашенко, Казакстан башчысы Нурсултан Назарбаев, Тажикстан президент Эмомали Рахмонов жыйындан кийин. 23.05.2000-жыл. - Sputnik Кыргызстан
8/15
Солдон оңго Кыргызстан президенти Аскар Акаев, РФ башчысы Владимир Путин, Белоруссия лидери Александр Лукашенко, Казакстан башчысы Нурсултан Назарбаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмонов жыйындан кийин. 23.05.2000-жыл.
© Sputnik / Алексей Панов / Медиабанкка өтүүДүйшөмбү шаарында РФ президенти Владимир Путин жана Кыргызстан президенти Аскар Акаев "Шанхай бешилтигинин" башчыларынын жолугушуусунда. Аталган уюмга анда Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон. 05.07.2000.
Дүйшөмбү шаарында РФ президенти Владимир Путин жана Кыргызстан президенти Аскар Акаев “Шанхай бешилтигинин” башчыларынын жолугушуусунда. Аталган уюмга анда Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон. 05.07.2000. - Sputnik Кыргызстан
9/15
Дүйшөмбү шаарында РФ президенти Владимир Путин жана Кыргызстан президенти Аскар Акаев "Шанхай бешилтигинин" башчыларынын жолугушуусунда. Аталган уюмга анда Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон. 05.07.2000.
© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүӨлкө президент Кыргызстан Аскар Акаев жанын анын аялы Майрам Акаева.
Өлкө президент Кыргызстан Аскар Акаев жанын анын аялы Майрам Акаева. - Sputnik Кыргызстан
10/15
Өлкө президент Кыргызстан Аскар Акаев жанын анын аялы Майрам Акаева.
© Sputnik / Сергей Величкин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын президенттери Аскар Акаев, Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин жана Эмомали Рахмонов. Алар Борбор азиялык аймактын мамлекет башчыларынын кызматташуусунун келечегин жана Афганистандагы абалды талкуулаган жыйындан кийин. 06.07.2002-жыл
Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын президенттери Аскар Акаев, Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин жана Эмомали Рахмонов. Алар Борбор азиялык аймактын мамлекет башчыларынын кызматташуусунун келечегин жана Афганистандагы абалды талкуулаган жыйындан кийин. 06.07.2002-жыл - Sputnik Кыргызстан
11/15
Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын президенттери Аскар Акаев, Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин жана Эмомали Рахмонов. Алар Борбор азиялык аймактын мамлекет башчыларынын кызматташуусунун келечегин жана Афганистандагы абалды талкуулаган жыйындан кийин. 06.07.2002-жыл
© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүЫсык-Көл облусуна кеткен жолдогу айылдардын биринде. 03.06.2004-жыл
Ысык-Көл облусуна кеткен жолдогу айылдардын биринде. 03.06.2004-жыл - Sputnik Кыргызстан
12/15
Ысык-Көл облусуна кеткен жолдогу айылдардын биринде. 03.06.2004-жыл
© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүАскар Акаев жана Россиянын премьер-министри Михаил Фрадков менен КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынында. 16.04.2004-жыл.
Аскар Акаев жана Россиянын премьер-министри Михаил Фрадков менен КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынында. 16.04.2004-жыл. - Sputnik Кыргызстан
13/15
Аскар Акаев жана Россиянын премьер-министри Михаил Фрадков менен КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынында. 16.04.2004-жыл.
© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын биринчи мамлекет башчысы Борис Ельцинди акыркы сапарга узатуу учуру. Топурак салып жаткан мурдагы президент Аскар Акаев, ага удаа Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри, азыркы президенти Алмазбек Атамбаев турат. Бул Акаев марттагы ыңкылапта Кыргызстандан качып кеткенден эки жылга чукул убакыттан кийин тартылган сүрөт. 25.04.2007-жыл.
Россиянын биринчи мамлекет башчысы Борис Ельцинди акыркы сапарга узатуу учуру. Топурак салып жаткан мурдагы президент Аскар Акаев, ага удаа Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри, азыркы президенти Алмазбек Атамбаев турат. Бул Акаев марттагы ыңкылапта Кыргызстандан качып кеткенден эки жылга чукул убакыттан кийин тартылган сүрөт. 25.04.2007-жыл. - Sputnik Кыргызстан
14/15
Россиянын биринчи мамлекет башчысы Борис Ельцинди акыркы сапарга узатуу учуру. Топурак салып жаткан мурдагы президент Аскар Акаев, ага удаа Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри, азыркы президенти Алмазбек Атамбаев турат. Бул Акаев марттагы ыңкылапта Кыргызстандан качып кеткенден эки жылга чукул убакыттан кийин тартылган сүрөт. 25.04.2007-жыл.
© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАскар Акаев Санкт-Петербургда физика илимине арналган эл аралык симпозимда. Нобель сыйлыгынын лауреаты (оңдон биринчи, экинчи планда), Россиянын илимдер академиясынын вице-президенти Жорес Алферов кесиптештеринин куттуктоолорун кабыл алууда. 16.03.2010-жыл.
Аскар Акаев Санкт-Петербургда физика илимине арналган эл аралык симпозимда. Нобель сыйлыгынын лауреаты (оңдон биринчи, экинчи планда), Россиянын илимдер академиясынын вице-президенти Жорес Алферов кесиптештеринин куттуктоолорун кабыл алууда. 16.03.2010-жыл. - Sputnik Кыргызстан
15/15
Аскар Акаев Санкт-Петербургда физика илимине арналган эл аралык симпозимда. Нобель сыйлыгынын лауреаты (оңдон биринчи, экинчи планда), Россиянын илимдер академиясынын вице-президенти Жорес Алферов кесиптештеринин куттуктоолорун кабыл алууда. 16.03.2010-жыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0