БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Пакистанда адам өмүрүн алган жер титирөөдөн кыргызстандык жарандар жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги билдирди.
Кечээ, 26-октябрда Пакистан менен Афганистандын чектешкен аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.09да (Бишкек убактысы боюнча 15.09) күчү 7,5 магнитудага жеткен жердин силкинүүсү катталган. Андан Пакистанда 275, ал эми Афганистанда 90 киши каза болуп, үч миңден ашууну жаракат алган.
Элчилик Пакистанда иштеп-жашап жаткан кыргызстандык жарандар менен үзгүлтүксүз байланышта болуп жатканын белгилейт.