БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Ош облусунун аймагындагы каттоосу жок мечиттерди тез арада, 25-декабрына чейин каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилди деп билдирди Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан.
Ош облусунун казысы Самидин Атабаев өткөргөн жыйында казыят кызматкерлери бир айлык аткарган иштери боюнча отчетторун тапшырды. Негизги маселе катары каттоодон өтө элек мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү маселеси каралды.
Мындан сырткары Казыяттын аппаратындагы фатва бөлүмүнүн ишин жандандыруу, райондук хатибчиликтердин ишин алга жылдыруу, алардын жасаган иш-аракеттерин коомчулукка маалымдап туруу да каралды.
Учурда Ош облусунун аймагында 812 мечит бар. Алардын ичинен 175инде жума намаз окулат. Ал эми диний билим берген тогуз медресе, эки Ислам институту ачылган.