БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 14 жылдын ичинде 13 жалган фирма ачып, мамлекетке 400 миллион сом зыян алып келген жаран аныкталганын аталган кызматтан билдиришти.
Рыспаев аттуу жаран мыйзамсыз киреше алуу максатында 1998-2012-жылдар ичинде 13 жалган-фирма ачып, алардын жардамы менен мыйзамсыз ишкердик жасап, салык төлөөдөн качып келген.
Алдын-ала алынган маалыматтарга ылайык, Рыспаевге тиешелүү субъекттер келтирилген зыяндын көлөмү 400 миллион сомго жакын. Ал 13 юридикалык жактын уюштуруучусу же жетекчиси экени аныкталган.
Аталган фирмалар эч кандай товар жеткирбестен эле жалган эсеп-фактураларын тапшырып, салык төлөөдөн качып келген. Реестрлерде алар нөлдүк көрсөткүчтөр же анча-мынча суммаларды көрсөтүү менен чагылдырылган.
Жалган ишкердик менен алектенүүнүн белгилери байкалган субъекттер боюнча тыкыр талдоолор жүргүзүлүп, материалдары тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына жиберилет.