БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Магниттик бороон Жерде 1-ноябрь күнү Күндүн бетинен 29-октябрдагы кроналдык бүркүүлөрдөн кийин башталышы ыктымал деп билдирет Федералдык мамлекеттик мекеменин Геофизикалык кызматы.
"Күндүн бетинде тактардын жети тобу байкалган. 2443-топтоон бир С классындагы от бүркүлгөн. Анын активдүүлүгү төмөн. Жер бетинде геомагниттик талаанын толкундоолору 1-ноябрда күтүлөт",- деп айтылат билдирүүдө.
Космостогу абалын алдын ала божомолдоолор боюнча, 31-октябрда күндүн бетиндеги от бүркүү активдүүлүгү төмөндөп, геомагниттик талаа мезгил-мезгили менен тынчсыз болуп, радиациялык толкундоолор күтүлбөйт.