БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын жаран мас болуп алып унаа айдаганы үчүн 200 саат кара жумушка салына турганын Бурятия прокуратурасы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жаран Россиянын Кылмыш жаза кодекси боюнча жоопко тартылган.
Тергөөнүн билдирүүсүнө ылайык, аталган жаран 2015-жылдын май айында кызуу болуп жана документи жок унаа айдаганы үчүн административдик жоопко тартылган. Андан кийин ушундай эле шартта июль айында да инспекторлордун колуна түшкөн.