БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Россия өкмөтү бейшемби күнү жарандардын өлкөдө жүрүү тартиби тууралуу жетишилген макулдашууну ратификациялоо үчүн президент Владимир Путинге берүүнү талкуулайт.
"Макулдашууга ылайык, Россия менен Кыргызстандын жарандары өлкөгө киргенден кийин 30 күндүн ичинде тийиштүү мамлекеттик органдарда каттоого туруу милдетинен бошотулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Макулдашууга Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнь күнү кол коюлган.