00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Спорт мектеби таланттуу балдардын окуу жайына айланат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүСабак учуру. Архив
Сабак учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайра уюштуру аракеттери бир жыл ичинде баскыч-баскычы менен өтөт. Ал эми №38 мектепке кол салганы үчүн айыпталган тарбиялануучулар мектептен чыгарылары маалым болду.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы таланттуу балдар үчүн спорт мектеби болуп кайра түзүлө турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова маалымат жыйында билдирди.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-энелер түрмөгө түшкөн спорт мектебинин тарбиялануучуларын чыгарууну суранып жатат
Буга чейин №38 мектепке кол салууга шектелип 47 тарбиялануучу кармалган. 21-октябрь күнү соттук чечими менен кол салууну уюштурду делип камакка алынган үч тарбиялануучу Вознесеновка айылындагы тарбиялоочу-эмгек колониясына жөнөтүлсө, 18 жашка чыккан эки бала №1 түрмөгө камалган. Училищеде окуу 9-ноябрга чейин убактылуу токтотулган.

Статс-катчынын айтымында, окуу жайдын жетекчилигине калтырылган күндөрдүн ордун толтуруу тапшырмасы берилди. Ал эми жетекчилик, машыктыруучу жана класс жетекчилерге карата дисциплинардык чаралар колдонулуп, чыр-чатакка катышкан балдар окуудан чыгарылат.

Мындан тышкары, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен сабактан жетишпеген жана спорттук көрсөткүчтөрүн жакшырта албаган тарбиялануучулар окуу жайдан кетет. 

"Окуу жайын бир жылдын ичинде акырындап баскыч менен кайра түзүп чыгабыз. Училище адистештирилген спорт мектебине айланат. Эгер буга чейин начар баа менен төмөн көрсөткүчтөргө көз жуумп келсек, эми андай болбойт", — деди Бардинова.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күбө: Малдыбаев жана Суеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде массалык мушташ болду
Статс-катчы окуу жайга жетекчи сынак негизинде дайындала турганын, ал декабрдын аягына чейин аяктай турганын белгиледи.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров кайра түзүлгөн окуу жайда 7-11-класстын окуучулары окуй турганын кошумчалап, өткөн айда болуп өткөн чыр-чатактын себебине токтолуп кетти. 

"№38 мектептин окуучусу спорт мектебинин тарбиялануучусун бычак менен сайып салгандан кийин күнөөлүү бала эркиндикке чыкты деген айың кеп тарап кетти. Менин оюмча, бул чырлуу окуяга спорт мектебин бүтүрүп кеткендердин да тиешеси бар болушу мүмкүн. Балким алар балдарды ошого барууга аргасыз кылышкандыр", — деди Бакиров.

Директор Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын 1-3-курсунда окугандар Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын алдындагы колледжге которуларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0