БИШКЕК, 10-ноя. – Sputnik. Батыш мамлекеттеринин азыркы саясатынан жакынкы арада Европа зомбулук коштогон революцияларга жана экономикалык, саясий укуктардын толук жоюлушуна дуушар болушу мүмкүн деп эсептейт америкалык саясатчы Пол Крейг Робертс.
"Демократия жөн гана корпоративдүү бийликке алмашылат", — деп жазган Робертс мындай өнөктөштүктөр коомдун кызыкчылыгын эмес, корпорациялардын кызыкчылыгын көздөй турганын баса белгилейт. "Өнөктөштүк түзүлгөндөн кийин өкмөт менчиктелип кетти деп эсептесе болот. Мыйзам чыгаруучу органдардын, президенттин, премьер-министрдин жана соттордун эми кереги жок", — дейт саясат таануучу.
Ошентип, серепчинин пикиринде, батыштын мындай саясатынан өз турмушуна өзү ээ боло албай калганын коом түшүнгөндө, аймактагы бардык өлкөлөрдү зомбулуктуу ыңкылаптар башталат.
Ошол эле учурда мындай альянстарга кирбеген өлкөлөр бар. Алар Россия, Кытай, Иран, Бразилия, Индия, Түштүк Африка. Роберст "бул өлкөлөр улуттук эгемендикти жана коомдук көзөмөлдү сактоочуларга айланат", — деген бүтүм чыгарат ал.
Робертс ал эми Батышта эркиндик жана демократия жоголот деп кошумчалаган.