БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев сууга агып бара жаткан аялды куткарам деп кошо агып кеткен милиция кызматкери Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүп бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында каналга агып бара жаткан аялды куткаруу үчүн кичи сержант Абдрахманов сууга секирип, катуу агымдан улам экөө тең суудан чыга албай калышкан. 26 жаштагы милиционер менен болжол менен ошол эле курактагы аялдын сөөгү Бишкек — Кемин унаа жолунун 59-чакырымында каналдын бүткөн жеринен табылган.
Кырсыктан көз жумган аялдын өздүгү учурда тактала электигин милиция билдирген.
Абдрахмановдун артында жубайы менен эки кызы калды.