БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Көркөм адабият окууга болгон кызыгууну арттыруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги "Балдарга окуп бергиле!" аттуу социалдык долбоорду демилгелеп жатканын аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоорго башталгыч класста окуган окуучулардын ата-энелери мектепке келип, класстык саат убагында 15 мүнөт көркөм чыгармадан үзүндү окуп берүүсү каралган.
"Ата-энелер окуучуларга үлгү көрсөтүп, баланын билим алуусуна активдүү катышууга чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, долбоордун шарты боюнча ата-энелер алдын ала мугалим менен сүйлөшүп алгандан кийин өзүнө жаккан китепти алып келип окуп берүүсүнө жол берилет.