БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Марат Сарулунун "Көч" тасмасы 2015-жылдагы дүйнөлүк 14 мыкты тасманын катарына кирип, Берлинде өтө турган Фестивалдардын фестивалына катышуу укугуна ээ болду. Бул тууралуу Кинематографты өнүктүрүү фонду билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык кинофестиваль 27-ноябрда башталып, 6-декабрга чейин уланмакчы. Анда фестивалдын дирекциясы тарабынан дүйнөнүн ар тарабынан тандалып алынган 14 фильм тартууланмакчы.
Бүгүнкү күндөгү коомчулуктун социалдык көйгөйлөрүн чагылдырып берген "Көч" тасмасы буга чейин бир катар абройлуу эл аралык кинофестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон.