БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Түркия Кыргызстанга медициналык жабдык менен жабдылган беш тез жардам унаасын бере турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, унаалардын тапшыруу аземи эртең, 17-ноябрда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде өтөт.
"Мерседес" үлгүсүндөгү Тез жардам машиналарынын жабдыгы Түркия мамлекетинде чогултулган. Мындай унаалар мындан төрт жыл мурун жана былтыр да берилгени маалым. Быйылкы партия менен Кыргызстандагы заманбап реанимобилдердин саны тогузга жетет.
Унааларды тапшыруу аземи бир катар расмий өкүлдөрдүн катышуусу менен өтөт.