БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кантта "Лексус" автоунаасы тепловоз менен кагышканын Чүй ОИИБ билдирди.
Кырсык үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрь түнү болгон. 23 жаштагы айдоочу Панфилов көчөсү менен кетип бара жатып, жолдогу тосмого жана семафордун кызыл жарыгына карабастан, темир жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган.
Натыйжада унаа тепловозду барып бир сүз калган. Милиция кызматкерлери кырсык кесепетинен эч ким жабыр тартпаганын билдирди.