БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Казакстандын Кордай аймагында күч менен эмгек кулчулугунда жүргөн Кыргызстандын жараны бошотулганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-ноябрда Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу Казакстандын ИИМ өкүлдөрү жана Миграция боюнча эл аралык уюм менен биргеликте Кордай районунун Карасу айылында бир нече жылдан бери фермердик чарбалардын биринде эмгек кулчулугунда жүргөн жаранды бошотушту.
Аталган жаран психологиялык жана укуктук жактан жардам алуусу үчүн Алматы шаарындагы реаблитациялык борборлордун бирине жайгаштырылган.