![Кыргызстан менен Иордания командаларынын баштапкы курамы Кыргызстан менен Иордания командаларынын баштапкы курамы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102018/38/1020183851_0:0:0:0_600x0_80_0_0_5f871898d48eaa6add4cccb719d393fc.png)
Оюн кечки саат 8.00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Кыргызстандыктар ак кийим кийип ойносо, атаандашы иорданиялыктар — кызыл кийим кийип чыгат. Оюнга Түркмөнстан менен Өзбекстандын арбитрлери калыстык кылат.
Буга чейин эки команда сентябрь айында Иорданияда беттешип, оюн 0:0 эсебинде аяктаган.
Кыргызстандын курама командасын Александр Крестинин машыктырса, иорданиялыктарды Пол Пут машыктырат.