00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түрктөр "Ак кемени" Кара деңиздин боюнан тартууга киришти

© пресс-служба Минкультуры КРТүркия Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" тасмасын тарта тургандыгы "Ысык-Көлдөн Кара деңизге сапар алган Ак кеме" аттуу эл аралык симпозиумда белгилүү болду.
Түркия Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде Ак кеме тасмасын тарта тургандыгы Ысык-Көлдөн Кара деңизге сапар алган Ак кеме аттуу эл аралык симпозиумда белгилүү болду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Симпозиум уюштуруучулары Чыңгыз Айтматов кезинде "Ак кеменин" Түркияда тартылуусуна уруксат бергенин, жазуучунун осуяты катары бул ишти аягына чыгарууга белсенип жатышканын белгилешти.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Түркия Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" тасмасын тарта тургандыгы "Ысык-Көлдөн Кара деңизге сапар алган Ак кеме" аттуу эл аралык симпозиумда белгилүү болду.

Үстүбүздөгү жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Түркиянын Гиресун шаарында улуу жазуучунун элесине арналган эл аралык илимий конференция болуп өттү. Ага жазуучунун карындашы Роза Айтматова, уулу Аскар Айтматов жана жакын досу Мухтар Шаханов, "Ак кеме" повестинин негизинде тасма тарткан режиссер Болот Шамшиев менен Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев чакырылган.

Симпозиумдун уюштуруучуларынын бири, Гиресун мамлекеттик университетинин деканы Байрам Кайдын айтымында, бул иш-чара Кара деңиздин боюнча тартыла турган "Ак кеменин" алгачкы кадамы болуп эсептелинет. 

"Кезинде Чыңгыз Айтматов "Ак кеменин" Түркияда тартылуусуна уруксат берген. 80 жылдыгын өткөргөндөн кийин бул ишке киришмек. Тилекке каршы, үлгүрбөй калды. Бул идеяны биз улуу инсандык осуяты деп кабыл алып, тасма тартууга киришип жатабыз", — деди илимпоз.

Конференциянын жүрүшүндө Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы талкууланып, кыргыз, казак, түрк делегациялары өз докладдарын окушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0