БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Токмокто акысыз юридикалык жардам берүү борбору ачыла турганын Юстиция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай борборлор өлкө аймагынын бардык жагында ачылган. Статистика боюнча жыл башынан бери 13 миң 638 жаранга акысыз юридикалык жардам жана кеңештер берилген.
Борборду ачуу салтанатына Юстиция, Ички иштер министрликтери, сот жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышат.