БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жыл башынан бери жылуулук сезонуна даярдык иштерине республикалык бюджеттен 4 миллиард 885,8 миллион сом чыгымдалганын Каржы министрлиги билдирди.
Аталган каражаттын 1 миллиард 722,2 миллиону жылуулук энергиясын субсидиялоого жумшалган.
"Январь-ноябрь айларынын аралыгында "Электр станциялары" ишканасынын бюджеттик ссудаларынын көлөмү 1 миллиард 550 миллион сомду түздү. Ал эми бюджеттик уюмдардын жылуулук, электр энергиясы жана жаратылыш газына 975,3 миллион сом сарпталды, — деп айтылат билдирүүдө.
Бюджеттен көмүр сатып алууга 209,4 миллион сом жумшалды. Ал эми бийик тоолуу жана алыскы аймакта жашагандар үчүн электр энергиясына компенсация катары 120,3 миллион сом бөлүнгөн.