00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
15:09
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:05
21 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Салык кызматынын сайтын эл аралык уюм жакшыртат

© Sputnik / Табылды КадырбековСалык кызматынын расмий сайтынан тартылган кадр. Архив
Салык кызматынын расмий сайтынан тартылган кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу маалында аталган кызматтын расмий сайты көп жылдан бери калк үчүн пайдалуу платформа болгону менен аны эл аралык стандартка ыңгайлаштыруу жана сапатын жогорулатуу максатында жакшыртуу аракеттери талкууланды.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Эл аралык финансы корпорациясы Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) ведомстволук сайтын жакшыртууга жардам бере турганын аталган мекеме билдирди.

Оюнчук автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы унаага салык төлөнгөнүн ырастоочу чаптама бере баштайт
Тиешелүү протоколго МСКнын төрагасы Замирбек Осмонов жана Бүткүл дүйнөлүк банктын IFC программасынын жетекчиси Кристофер Дэвид Миллер кол коюшту.

Ага ылайык, сайттын азыркы абалын баалоонун жана башка өлкөлөрдүн сайттары менен салыштырып талдоонун негизинде МСКнын ведомстволук www.sti.gov.kg сайтын жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыгат. 

Осмонов маалыматты ведомстволук сайтка калкка ыңгайлуу формада жайгаштыруу менен өз маалындагы жана керектүү маалыматтарды берүү салык кызматынын маанилүү милдеттеринин бири экенин белгиледи.

"МСКнын колдонуудагы сайтын ишке киргизген учурдан баштап ага 2012-жылдан бери 4,8 миллиондон ашык адам кирген. Сайттан жарандар МСКнын ишмердиги жана салык маселелери боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алышат", — деди төрага.

Анткен менен учурда сайт чет өлкөлүк сайттардын мисалында салык төлөөчүлөр үчүн керектүү платформа болуп калышы үчүн аны дагы да жакшыртуу маселеси алдыда турары айтылды.

IFC программасынын жетекчиси Кристофер Дэвид Миллер МСКны Орто Азия чөлкөмүндө эң узак мөөнөттүү мамилелери бар IFCтин шериктештеринин бири катары атады. 

"Ошондуктан биз Кыргызстандын салык кызматынын сайтын жакшыртууга жан-дилибиз менен көмөк көрсөтөбүз", — деп айтты ал.

Дэвид Миллер ошондой эле МСКда адистердин күчтүү курамы бар экендигин, алардын аракети жемишин берип, натыйжалуу реформалар жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0