00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Саясат таануучу: ислам коалициясы шииттер менен сунниттердин тирешүүсүн күчөтөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМечиттеги адамдар. Архив
Мечиттеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эр-Рияд өзү да жихадчылардын салафиттик топторун колдогон, ошондуктан Сауд Аравиясынын экстремисттер менен күрөшүү ниеттери жөнүндө билдирүүлөрү шек саноолорду жаратат деп билдирди эл аралык мамилелер тармагындагы эксперт Фехим Таштекин.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Сауд Аравиясы башында турган ислам коалициясынын ийгиликке жетүүгө шансы жок. Себеби, ага кирген бир катар мамлекеттер терроризм менен күрөшкө карата карама-каршы көз караштарды көрсөтүүдө. Мындай пикирин Sputnik менен маегинде саясат таануучу, эл аралык мамилелер тармагындагы эксперт Фехим Таштекин билдирди.

Сауд Аравиясы ушул жумада 34 өлкө катыша турган ислам антитеррористтик аскердик коалиция түзүү жөнүндө билдирди. Бириккен командалык ыкчам борбор Эр-Риядда жайгашат. Коалиция "ислам улутунун кызыкчылыгына коркунуч болуп калган терроризмге каршы аракет көрүү" үчүн, ошондой эле "элдердин өзүн коргоо укугунан улам" түзүлүп жатат.

"Биринчи кезекте Сауд Аравиясы өзү "Аль-Каиданын" убагынан бери иш-аракетин жүргүзүп келе жаткан жихадчылардын салафиттик топторун колдогон. Бүгүнкү күндө саудиттер аларга колдоо көрсөтүүнү токтотконуна эч кандай ырастоо жок. Албетте, Сауд Аравиясы аймакта экстремисттер менен күрөшүү жөнүндө ниетин жарыялаганы көңүл бурууга татыйт. Ошентсе да мындай билдирүүлөрдүн чын экендигинен күмөн санаткан себептер көп", — деди Таштекин.

Хидждаб кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравиясында муниципалдык шайлоодо биринчи жолу аял утуп чыкты
Ал биринчи планга сунниттерди чыгарыш үчүн Иракта шииттерге карата жек көрүүчүлүктү тутантуу процесси "Аль-Каиданын" ирак канатын, кийинчерээк — "Ислам мамлекетин" түзүүгө алып келгенин эскертти. "Эгер биз Сирияга карап көрсөк, ал жакта да "Ислам мамлекети", Жебхат ан-Нусра жана башка көп сандагы жихадчы топтор Сауд Аравиясы менен Катардын каржылык колдоосу менен пайда болгонун көрөбүз. Биз ошондой эле бул процессте Түркиянын олуттуу ролу жөнүндө билебиз", — деп белгиледи эксперт. 

Таштекинге эгер бир катар мамлекеттер ортосунда Сирияда кимди террорист, ал эми кимди "орточо оппозиция" деп эсептөө керектиги боюнча пикир келишпестиктер болсо, антитеррористтик коалициянын катышуучулары биргелешкен операцияларды кимге каршы жүргүзүү керектигин кантип аныкташат деген суроо болду. 

"Сауд Аравиясы үчүн башкы террористтер — шииттер. Ошол эле учурда ваххабиттик идеологиялуу экстремисттик топтордун көп саны саудиттер тарабынан террористтик катары кабыл алынбайт. Деги эле террористтик уюмдардын тизмеси Сауд Аравиясынын версиясы боюнча өтө таң каларлык көрүнөт. Алар үчүн атеисттер, ал тургай оппозициялык көз карашын билдирген жергиликтүү же эл аралык уюмду колдоп,аны менен байланышы болгондор да террорчу",— деди эксперт.

Таштекиндин пикири боюнча, ислам антитеррористтик коалицияны түзүү сунниттер менен шииттердин ортосундагы кастыкты күчөтүүгө алып келет.

"Мен бул сыяктуу коалицияларды чыныгы аскер күчү катары карабайм. Менин көз карашымда, аталган демилгени (коалицияны түзүү – ред.) ишке ашыруу шиит-суннит линиясындагы тирешүүнү күчөтүп, аймактагы абалга байланыштуу касташуу отун ого бетер тутандырышы мүмкүн", — деди Таштекин.

Учурда бул боюнча коомучулукта ар кыл пикирлер айтылып, чакан талкуулар жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0