БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. АКШнын "Оскар" киноакадемиясынын сыйлыгына талапкер болгон режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы кыска тизмеге кирбей калды. Бул тууралуу киносыйлыктын сайтында жарыяланган.
Сайтта сыйлыктын кыска тизмесине Бельгия, Дания, Колумбия, Германия, Иордания, Франция, Венгрия, Ирландия жана Финляндиянын тогуз тасмасы киргени айтылууда.
Калыстар тобу эки айдан бери 81 тасманы көрүп, добуш берүү менен анын ичинен тогуз фильмди тандап алышкан. Эми жыл башынан тарта калыстардын экинчи тобу тогуз тасманын ичинен эң мыктысын аныктайт.
"Сүтак" — адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салт тууралуу тасма. "Айтыш-фильм" тарабынан "Ой Арт" студиясы менен биргеликте тартылган тасма бир катар эл аралык кинофестивалдардын баш байгесин багындырган.