БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы мезгилде миграциялык агым кыскарганын Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн дүйнө боюнча Мигранттардын эл аралык күнү белгиленүүдө.
Мекеме буга өлкөдөгү коопсуздук маселеси жөнгө салынып, улуттар аралык ынтымактын бекемделиши жана Россия менен Казакстандагы экономикалык кырдаалдын начарлашы себеп экенин белгилейт.
2010-2012-жылдары өлкө аймагынан чыгып кеткен мигранттардын саны 150 миңге жетсе, Кыргызстанга кайра 212 миң жаран кайтып келген. Кийинки эки жылдын аралыгында чет жерге иштөө үчүн кеткендердин саны дээрлик төрт эсеге азайган.
Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында чет жакка чыккан кыргызстандык мигранттардын саны алты миңден ашкан.