БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жекшемби күнү Тогуз-Булак тоо лыжа базасында жарык өчүп, мындан улам кышкы спорттун күйөрмандары эки саат бою канаттык жолдо "асылып" турушту. Бул тууралуу Sputnik агенттигине жабыркагандардын бири Тимур Губаев билдирди.
Анын айтымында, катуу бороон башталып, болжол менен түшкү саат 3тө базанын жарыгы өчүп калган.
"Канатта 15-20 адам калды. Абада калган кардарларды куткаруу боюнча базанын жетекчилиги болгон аракетин жумшады", — дейт эс алуучу.
Асылып калган жарандар тепкич, аркан менен түшүрүлгөн. Базада дизелдик генератор болгону менен анын бузук экени аныкталган.
"Биз баарынан көп "асылып" турдук, анткени эң алыскы жерге жетип калганбыз. Ары-бери кыймылдап жылынууга аракет кылып жаттык. Бул тоо да, бардык кырдаалга даяр болуу керек", — деди Губаев.
"Генератор айрым бир деталдарынын жетишсиздигинен иштебей жатты. Бирок базанын кардарлары нааразы болгонун байкаган жокпуз. Эми мындан ары кырсыктардын алдын алуу үчүн генераторубузду оңдойбуз", — дешти база өкүлдөрү.
Үшүп калган эс алуучуларга кызыл чай, ысык палоо, шорпо берилип, көңүл бурулду. Катуу үшүгөндөр катталган эмес.