БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында Түркиянын үч шаарында кыргыз кереметинин жаратуучусу, белгилүү режиссер Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына карата эскерүү кечелери өтөт.
Режиссердун атын алган коомдук фонддун директору Азиза Окееванын айтымында, "Бакайдын жайыты" тасмасы Стамбул, Анкара жана Карабюк шаарларындагы университеттерде көрсөтүлмөкчү. Мындан тышкары, кыргызстандык кинематографисттеринин делегациясы түркиялык жаштар менен жолугуп, бир катар талкууларды өткөрөт.
Атактуу режиссер Төлөмүш Океевди эскерүү күндөрү ТҮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулууда.
СССРдин Эл артисти Океев 1935-жылы Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келип, 2001-жылдын 18-декабрында каза болгон.