БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-21) Шериктештик Кубогунда өзүнүн алгачкы оюнун Белоруссиянын командасы менен өткөрө турганын Футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Москва шаарында командалар чүчү кулак кармап, сегиз команда экиге бөлүнгөн. "А" тайпасына Белоруссия, Кыргызстан, Казакстан менен Молдова кирсе, "В" тайпасында Латвия, Эстония, Россия менен Тажикстан беттешет. Турнир 2016-жылдын 16-24-январь күндөрү Санкт-Петербург шаарында өтмөкчү.
Коло медалдар үчүн өз тайпаларында экинчи орунга ээ болгон командалар ат салышат. Калган командалар жетинчи жана бешинчи орун үчүн беттешет.
1993-жылдан баштап турнирге улуттук чемпионаттын жеңүүчүлөрү болгон мурунку Советтер Союзу республикаларынын футболдук клубдары катышып келет. 2012-жылдан тарта турнирдин тартиби өзгөрүп, мамлекеттердин жаш футболчулары ойной баштаган. 2012-2013-жылдары Кубок россиялыктарга тийсе, 2014-жылы украиналыктар мыкты аталган.
Үстүбүздөгү жылдын турнирин оюнга конок катары чакырылган Түштүк Африка Республикасы жеңип алган.