БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган ИМге тиешеси жок экенин айтып карганган, деди Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгаруучу маалымат жыйында.
Анын айтымында, сүйлөшүү учурунда Эрдоган Кудайды оозанган.
"Ал ИМге тиешеси жок экенин айтып карганган. Ишти жетекчилердин айланасындагылар деле жасап коюшу мүмкүн", — деди президент.
Атамбаев муну менен бирге Түркияга карата санкцияларды киргизүү да туура эмес экенин белгилейт.
"Мен Россия менен Түркиянын мамилелери калыбына келишин колдойм. Эки мамлекеттин душманы азбы? Владимир Владимировичке Түркия менен да, Европа, Америка жана Украина менен да мамилеси оңолушун кааладым. Түркия учакты атпашы керек болчу. Аткандан кийин Россия коюп жаткан талаптар боюнча ойлонушу зарыл эле", — деди өлкө башчы.
Атамбаев Түркиянын шаарларындагы бизнеси бар деген божомолдорго жооп берип жатып, тапкан кишиге баарын бере турганын эскертти.