БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Ирактын аба аскер күчтөрү Анбар провинциясынын аймагында "Ислам мамлекетинин" 25 талаа командирин өлтүрдү. Бул туурасында Iraqi Media News Agency маалымат агенттиги аскерий маалымат бюросуна таянып кабарлады.
Буга чейин ирактын аскерлеринин Анбар провинциясындагы Эль-Рамади шаарынын административдик имараттарындагы "Ислам мамлекетинин" согушкерлерин курчоого алгандыгы кабарланган.
"Командачылыктын биргелешип жасаган иш-аракеттеринин натыйжасында Ирактын аскер аба күчтөрү жекшемби күнү кечинде Анбар провинциясынын батышындагы Эль-Каим шаарына абадан жасалуучу соккуларды мелжеп, дайындалган жерлерге урду. Андан улам, "Ислам мамлекетинин" 25 командири өлтүрүлүп, террорчулар жайгашкан эки жай жок кылынды", — деп билдирген аскерийлер.